Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 07.09.2015 18:08

Ош шаарында сентябрь айынын башында эттин баасы 0,4%га арзандады

Turmush -  Ош шаарында 5-сентябрга карата эттин баасы бир аз төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин аймактар аралык соода, ишкердик жана текшерүүнү көзөмөлдөө секторунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн убакыт ичинде Ош шаарында 1 кг кой эти 324,3 сомго бааланса, бир жума мурунку баасы 325,7 сомду түзүп, эт 0,4%га арзандады.

5-сентябрга карата 1 кг уй эти 322,9 сом болсо, бир жума мурун ал 324,1 сомдон сатылып, ортодого баа айырмасы 0,4% болду.

Жалпы түштүк аймагы боюнча, көрсөтүлгөн убакыт ичинде 1 кг кой эти 326,7 сом, ал эми 1 кг уй эти 323,1 сомго бааланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×