Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 07.02.2014 18:50

Ош шаардык мэриясында Т.Сарпашевдин катышуусунда коллегия болуп өттү (фото)

Turmush -  Ош шаарынын мэриясында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана шаардык мэриянын, мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда коллегия болуп өттү.

Коллегияда 2013-жылдын социалдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2014-жылдагы милдеттер жөнүндө маалыматтар айтылды.

Коллегияда Ош шаарынын вице-мэри Алимжан Байгазаков 2013-жылдагы чарба иштери, өндүрүш, өнөр жай, электр энергия жана газ өндүрүшү, мал чарбачылыгы боюнча жылдын жыйынтыгын маалымдады.

«Көйгөйлүү болгон маселелердин бири - жумушчулардын айлык маянасы. Ош шаарында орточо айлык маяна 9 миң 739 сомду түзөт, бирок бул көрсөткүч аздык кылат», - дейт сөзүндө Ош шаарынын вице мэри.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×