Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 05.02.2014 16:22

Ошто жолбун иттерди атуу иши жүрүүдө

Turmush -  ш шаарында күнүнө 13-14 ит атылып жатат. Жалпысынан болуп 60тай ит жок кылынды. бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Искендер Жороев билдирди.

Аткени, акыркы убакта шаар ичинде көчө иттери көбөйүп, адамдардын ден соолугуна зыян алып келген учурлар көп катталганы маалым болду.

Түрдүү ооруларды жугузуп жаткан көчө иттерин жок кылуу боюнча тапшырма шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тарабынан «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Искендер Жороевге тапшырма берилген.

Себеби, мэрдин эл менен болгон жолугушууларында тургундар тарабынан азыркы убакта жолбун иттерди жок кылуу боюнча чаралар көрүлбөй жатканын айтышкан.

«Оорулуу көчө иттерин таңкы саат 5-7лер чамасында атып жатабыз, ошондой эле иттерди атуу шаардын сырт жактарында жүрүүдө», - деп белгилейт И.Жороев өз сөзүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×