Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.02.2014 18:51

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев 3 айдын ичинде шаардык кеңешке программа сунуштайт

Turmush -  Бул тууралуу шаар башчысы жергиликтүү басылмаларга берген маегинде билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.
А.Кадырбаевдин айтымында, Ош шаарынын стратегиялык өнүктүрүү программасы кургак сөз болуп калбашы үчүн жер-жерлерде элдер менен жолугушууларды өткөрүү зарыл.

«Учурда шаар тургундары менен жеринде жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп атабыз. Комчулуктун, адистердин пикирлери эске алынып, шаарды өнүктүрүүнүн мыкты, турмушка жакын программасын кабыл алып алсак, андан кийин аны турмушка ашырууга киришебиз», - дейт А.Кадырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×