Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.02.2014 10:58

Ош шаарында январь айында 32 жол кырсыгы катталды

Turmush -  Ош шаарында акыркы 3 күндө үч жол кырсыгы катталды, анын ичинен 3 адам жараат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми январь айында 32 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 55 адам түрдүү жараат менен ооруканага кайрылышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол-кайгуул кызматынын башчысы Шайырбек Шакиров билдиргендей, ошондой эле ИИБнын жол-кайгуул кызматы тарабынан жолдор тазаланып, ага эки авто унаа бөлүнүп берилген.

«Кар тазалоо иши жүрүп жатканда айдоочулар унааларын жол четине коюп алгандыгы чоң көйгөй жаратты. Мындай учурда жол толугу менен тазаланбай калууда, ошондуктан айдоочулар шаардын тазалыгы үчүн кайдыгер мамиледе болушпаса», - деп баса белгилейт ал өз сөзүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×