Turmush — Ош шаарындагы «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунун «Таэлия» бий ийриминин жетекчисине ата-энелер тарабынан арыз түшкөн. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, 15-апрель күнү кечинде эки ата-эне кайрылган.
«Бий ийриминин жетекчиси А.Э. Сингапурда өтө турган 7 күндүк сынакка балдарды алып барам деп, ата-энелердин биринен 2 кызы үчүн 122 500 сом, экинчисинен 60 000 сом акча чогултуп алган. Бирок ата-энелер алданып калган. Ата-энелер акча каражаттарын кайра кайтарып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүлөрүн суранып, арыз менен кайрылышкан.
Бул факт боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми А.Э. өзүнө карата коюлган дооматтарды четке кагып, акча ата-энелер тарабынан түз эле бий конкурстун уюштуруучусу А.А.га мобилдик банк аркылуу которулганын айтты.
«Мен акчаны колума алган эмесмин. Кийинчерээк сынак да, акча да жок болуп кетти. Мен да ата-энелер менен чогуу барып арыз жаздым. Уюштуруучу бизге каражатты толук кайтарып берди. Ата-энелер акчаларын алышты», - деди ал.