Turmush — Ош технологиялык университетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүү кафедрасынын доценти, Ж.К.Ирматова Азербайжан техникалык университетинде болуп өткөн 6-эл аралык Түрк дүйнөсүнүн илим жана инженердик Конгрессине катышып келди.
Илимий форумда Ирматова «Нан азыктарынын азыктык баалуулугун жогорулатуу үчүн жаңгактын сыгындысын кошуу менен нан азыктарын өндүрүү технологиясын иштеп чыгуу» деген темада илимий баяндамасын тартуулап, жаңы технологияларды иштеп чыгуу жаатында өзүнүн изилдөө жыйынтыктарын сунуштады. Макалада жаңгактардын биологиялык активдүү компоненттеринин негизинде азык-түлүк өнөр жайында колдонууга багытталган инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Конференциянын жүрүшүндө доцент Ирматова дүйнө жүзүнүн ар кайсы бурчтарынан келген илимпоздор жана инженерлер менен пикир алмашып, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү багытында тажрыйба топтоду. Бул иш-чара илимий чөйрөдөгү кызматташууну бекемдеп, Кыргызстандын илимпоздорунун деңгээлин эл аралык аренада таанытууга өбөлгө түздү.
Конференциянын уюштуруучулары болуп Кыргызстан, Азербайжан жана Түркия өлкөлөрүнүн илим жана билим берүү мекемелери саналат. Бул жогорку деңгээлдеги иш-чара Түрк дүйнөсүнүн илим жана инженердик тармактарындагы интеграцияны бекемдөөгө жана инновациялык изилдөөлөрдү жайылтууга багытталган.