Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде салтка айланган «Сереп» дил маек программасы уюштурулуп, конокто педагогика илимдеринин доктору, профессор, академик Сулайман Рысбаев болду.
Иш-чарага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулук жамаат, студенттер жана адабият сүйүүчүлөрү катышып, алгач жазуучунун өмүр таржымалын камтыган видео тасмага күбө болушту. Андан соң акын, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин илимдеги шакирттери, кесиптештери жана жакындары профессор тууралуу маек беришти.
Саамалыктын жүрүшүндө атайын чакырылган коноктор каармандын басып өткөн чыйыр жолундагы эмгектерин, жетишкендиктерин даңазалап, аны менен бирге болгон кызыктуу окуялардан ой бөлүшүп, өзгөчө сапаттарын белгилөө менен кенен кеп курушту. Ошондой эле студенттер акындын ырларынан көркөм айтып, иш-чара окутуучулар тарабынан жаңырган обондуу ырлар менен коштолду.
Бул менен бирге алыскы жакындарынын да ой бөлүшкөн видео тасмалары экран аркылуу көрсөтүлдү. Ага катар иш-чара Сулайман Рысбаевдин студенттер тарабынан берилген ар тараптуу, кызыктуу суроолоруна жооп берүүсү менен уланды. Мыкты суроолорду берген студенттерге жазуучу тарабынан автордук китептер белек кылынды. Уюштуруучулар тарабынан да белектер тапшырылып, саамалык жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.
Аталган иш-чара каармандын ийгилигине саресеп салуу менен үлгү катары көрсөтүп, анын өрнөктүү өмүр жолу менен жаш студенттерге багыт берүү максатында колледждин мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулду.